Бишкек, 18.03.26 /Кабар/. “Акылман” президенттик лицейинде 26 ийрим иш алып барат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Кубанычбек Нарынбеков билдирди.
Анын айтымында, ийримдер маданий-агартуу, өнөр жана технология, спорт багыттары боюнча бөлүнөт. Ар бир окуучу өзүнүн тандоосу менен 2 же андан көп ийримге катыша алат.
“Биздин окуучулар ийримдерде алган билими менен жергиликтүү жана эл аралык сынактарга катышып жатышат. Атап айтканда, буга чейин Казакстан, Өзбекстан жана Түркия өлкөлөрүнө барып келишкен”, — деди ал.
Лицейдин окуучулары 2025-жылы төмөндөгү эл аралык сынактардан алдыңкы орундарды багындырышкан:
- British Biology Olympiad;
- International Cybersecurity Olympiad;
- European Girls' Olympiad;
- International Junior Science Olympiad;
- European Olympiad in Informatics;
- British Mathematical Olympiad.
Ошондой эле Model United Nations (БУУ модели) интеллектуалдык иш-чарасына бир нече жолу катышышкан.
Учурда мектепте 264 окуучу билим алууда. Класстагы окуучулардын саны 24төн ашпайт. Баалоо CGPA — Cumulative Grade Point Average (орточо топтолгон упай) системасы менен жүргүзүлөт. Лицейдин карамагында 8 лаборатория жана спорт комплекстери бар.
Окутуу STEAM багытында жүргүзүлүп, ага IT-технологиялар, гуманитардык жана профилдик сабактар кирет. Окутуу эки тилде жүргүзүлөт: так илимдер — англис тилинде, ал эми гуманитардык предметтер — кыргыз тилинде.
“Акылман” чет өлкөлүк билим берүү мекемелери менен кызматташып, Торонто университетинин Lester B. Pearson программасына катышып келет.