Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. “Акылман” президенттик лицейинин заманбап лабораториялары Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жаш окумуштуулары үчүн илимий изилдөө аянтчасы болот. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Министрликтин маалыматына ылайык, ШКУ өлкөлөрүнүн жаш окумуштуулары үчүн уюштурулган Эл аралык илимий-билим берүү лагеринин расмий ачылыш аземинин алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, тармактык министрлер жана башка катышуучулар лицейдин лабораториялык базасы менен таанышышты. Дал ушул заманбап лабораторияларда лагердин катышуучулары өз изилдөөлөрүн жүргүзүшөт.
Эки жуманын ичинде жаш окумуштуулар беш илимий багыт — экологиялык химия, биомедицина, кайра жаралуучу энергетика, суу робототехникасы жана астроинформатика боюнча долбоорлордун үстүндө иш алып барышат.
Биргелешкен иштин жыйынтыгында 14 илимий макала даярдоо пландалууда.