Акыйкатчы "Эне үйү" ресурстук борборунда жашап жаткан аялдардан кабар алды

9 июнь 2025 14:54
94a32045-fd10-4f62-addb-dff25a4bc170 (1).jpg
414a17af-4f7f-4d28-be11-c279245f5b86.jpg
db890033-aaed-4003-8edd-02a184be9c9a.jpg
4462b3b0-69f1-4c1b-bce1-a44db183b4b3.jpg
09f7976a-982a-4ab5-9e37-6b4ae00c855d.jpg
5a527fa9-7a63-4233-96a2-95a454abaac5.jpg
128fcfb4-f2e1-40ca-843f-35d5710d4574.jpg
102cc20a-8e97-4173-9c1c-7c26da7342ee.jpg
Алдыга
Артка
94a32045-fd10-4f62-addb-dff25a4bc170 (1).jpg
414a17af-4f7f-4d28-be11-c279245f5b86.jpg
db890033-aaed-4003-8edd-02a184be9c9a.jpg
4462b3b0-69f1-4c1b-bce1-a44db183b4b3.jpg
09f7976a-982a-4ab5-9e37-6b4ae00c855d.jpg
5a527fa9-7a63-4233-96a2-95a454abaac5.jpg
128fcfb4-f2e1-40ca-843f-35d5710d4574.jpg
102cc20a-8e97-4173-9c1c-7c26da7342ee.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Акыйкатчы институту

Бишкек, 09.06.25. /Кабар/. Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева турмуштун оор сыноосунан улам, баш калкалаар жайы жок "Эне үйү" ресурстук борборунда жашап жаткан аялдардан кабар алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Акыйкатчы борбордун шарттары менен таанышып, ал жерде балдары менен бирге жашап жаткан энелер менен баарлашты.

Жамиля Жаманбаева Акыйкатчы институту зарыл учурда аялдарга укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, ал мындай борборлордун ачылышы аялдар жана балдар үчүн системалуу колдоо көрсөтүүнүн маанилүү кадамы экенин жана социалдык жетим балдардын пайда болушунун алдын алууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

“Канча оор абал болбосун, эне менен бала бирге болушу керек. "Эне үйү" сыяктуу борборлордун ачылышы абдан маанилүү. Алар энелерге убактылуу баш калкалоочу жай берип, мамлекеттик жана укук коргоо органдарына кайрылууга, кырдаалды баалап, өзүн жана баласын ойлоп туура чечим кабыл алууга шарт түзөт”, – деди акыйкатчы.

"Эне үйүнүн" аймактык өкүлү Назгүл Турдубекованын айтымында, борбор ачылгандан кийинки биринчи жумада эле 25 арыз түшкөн.

Борбор жаңы төрөлгөн ымыркайы бар аялдарды кабыл алат. Эне жана бала бул жерде бир жылга чейин жашай алышат. Аларга турак жай менен бирге психологиялык жана укуктук жардам, документтерин калыбына келтирүү, ишке орношуу жана социалдык адаптация боюнча жардам көрсөтүлөт.
Борбордун негизги максаты — баланы энеси менен бирге болуусуна шарт түзүү, балдар үйүнө жана интернаттарга түшкөн балдардын санын кыскартуу.

Бул борбор эл аралык жеке фонд Mothers Home International Foundation (MHIF) тарабынан колдоого алынган.

Акыйкатчы барган маалда, борбордо эки эне ымыркайлары менен жашап жаткан.