Кыргызстандын тышкы саясий активдүүлүгү эл аралык аренадагы глобалдык процесстерге байланыштуу. Дүйнө тездик менен өзгөрүп, мамлекеттер аралык мамилелердин жаңы тартиптери орноп жаткан мезгил. Мындай өзгөрүүлөр доорунда дипломатия улуттук кызыкчылыктарды коргоонун негизги куралдарынын бири болуп саналат. “Кабар” маалымат агенттиги ушул тема боюнча саясий илимдердин кандидаты, Кыргызстан Эл аралык университетинин доценти Айнура Молдокеева менен маек курду.

- Дүйнөдөгү глобалдык туруксуздуктун шарттарында тышкы саясатта активдүү дипломатияны жүргүзүү Кыргызстан үчүн канчалык мааниге ээ?
- Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери улуттук кызыкчылыктарга жооп берген көз карандысыз тышкы саясатты калыптандырууну жана ырааттуу ишке ашырууну, өлкөнүн дүйнөлүк коомчулукта аброю менен позициясынын өсүшүн көздөп келет. Кыргызстандын тышкы мамилелерди түзүүдөгү артыкчылыгы - бул көп векторлуу саясат. Кыргызстан үчүн тышкы саясатта аймактык кызматташуу маанилүү, ал Борбордук Азия өлкөлөрүнүн алкагында, ошондой эле жарыяланган жаңы Түрк мамлекеттеринин биримдигинин алкагында да Кыргызстан үчүн эң жагымдуу, алгылыктуу жана ыңгайлуу болду. Башкача айтканда, Кыргызстан аймактагы ар кайсы мамлекеттер менен көп тараптуу кызматташууну көздөйт. Ошого карабастан Кыргызстан Кремль менен диалогун жана байланышын улантып келе жаткан өлкөлөрдүн бири. Буга Москванын Кыргызстанга жана бүткүл регионго өзгөчө көңүл буруусу көмөктөшүүдө. Ошондуктан, бир жагынан тышкы саясаттын жаңы векторлорун активдештирүү же жаңы балансты дагы активдүү издөө жүрүп жатат деп айтсак болот.
Жакында эле АКШ менен С5+1ге окшогон президенттик деңгээлде Борбор Азия бештиги+Россия саммити өттү. Ошонун негизинде тышкы өнөктөштөр менен иштешип, мындай форматтардын пайдасы чоң экенин көрсөтүшүбүз керек. Мисалы, Борбордук Азия-Индия, Кытай, Түштүк Корея, Япония, Перс булуңунун өлкөлөрү, АКШ форматтары. Эми бул мамлекеттерге Россия кошулду. Бул аймактык өзгөчөлүк бар экенинен кабар берип, инвестиция салуу керек экенин жана келечекте Борбордук Азия дүйнөлүк аренада көбүрөөк субъективдүүлүккө ээ болгонго алып келиши керек. Бирок ошол эле учурда Россия, Кытай жана башка ири дүйнөлүк державалар менен тыгыз, конструктивдүү, алдын ала ала турган мамилелерди куруу зарыл.
Биринчи кезекте Борбордук Азиянын келечегинин негизин түзгөн аймактык маселелерди жөнгө салуу, ички региондук соодадагы тоскоолдуктарды жоюу жана региондо бирдиктүү транспорт системасы болуу зарыл. Бул маселелердин оң жагы - Борбордук Азияда саясий диалогду кеңейтүүгө саясий эрк бар. Бул жалпы аймактык өзгөчөлүктү бекемдөө үчүн жакшы негиз болуп берет. Биздин өлкөлөрдүн өздөрү үчүн да, ири инвесторлор үчүн да жагымдуу боло турган бирдиктүү рынокту түзүү үчүн жакшы потенциал бар. Анткени жеке компаниялар жалгыздан рынокко кире алышпайт, себеби бизнеси өзүн актабай калат. Бирок аймактык масштабда европалык интеграциянын модели боюнча жалпы рынокту түзүү үчүн жакшы негиз бар. Келечек үчүн Борбордук Азия өлкөлөрү өз ара кызматташууну, саясий диалогдун деңгээлин кеңейтүүгө багыт алышы керек, анткени алар биргелешип гана ар кандай аймактык маселелерди чече алышат. Бул ошондой эле ар кандай коопсуздук коркунучтарына жалпы туруктуулукту жогорулатат.
- Быйыл Кыргызстан үч эл аралык уюмга: ШКУга, ЖККУга жана Бирдиктүү аймакка төрагалык кылууда жана жогорку деңгээлдеги саммиттерди өткөрүп турат. Бул учурда канчалык маанилүү?
- ШКУ алкагында 2025-жылы Кыргыз Республикасы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү максатында Өнүктүрүү банкын жана Өнүктүрүү фондун (атайын эсеп) түзүү маселесин алдыга жылдырууда. Бул институттар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн тиешелүү шарттарды түзө алышты.
Мындан тышкары, Кыргызстан ШКУгдагы кызматташуу боюнча Жол картасын иштеп чыкты. Ошондой эле Бишкекте жайгаша турган Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү сунушун киргизди. Кыргыз Республикасынын президенти соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүнү белгиледи.
ЖККУ алкагында Жамааттык коопсуздук кеңешинин 28-ноябрдагы сессиясында Садыр Жапаров ЖККУнун ролун бекемдөө үчүн эки тарапты кызыктырган чөйрөлөрдө эл аралык уюмдар жана үчүнчү өлкөлөр менен диалогду улантууга өзгөчө көңүл буруларын белгилеген. Мындан тышкары, Уюмдун позитивдүү имиджин жалпыга маалымдоо каражаттарында жайылтуу боюнча иштерди улантууну сунуштаган. Ошондой эле тышкы саясий мамилелерди өнүктүрүү, аскердик чөйрөдө кызматташууну кеңейтүү, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы активдүү чараларды көрүү жана жогоруда аталган багыттар боюнча парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү зарыл экенин жарыялаган. Кыргызстан бул багытта киберкоопсуздук темасында эл аралык конференция өткөрүү демилгесин көтөрүүгө ниеттенүүдө.
Түрк тилдүү мамлекеттер уюму алкагында ТИКА, Түрксой деп аталган структуралар түзүлдү. Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын саммиттери да өтө баштады. Андан кийин Казакстан, Азербайжан сыяктуу түрк республикаларынын демилгеси менен бул мамилелерди расмийлештирүү ишке ашты. Бул Түркия үчүн гана эмес, түрк мамлекеттеринин өздөрүнө да пайдалуу экенин түшүнсө болот. Ал эми Казакстанда, Өзбекстанда, Кыргызстанда совет доорунан кийин өздөрүнүн жаңы тарыхын түзө баштады, бул сөзсүз түрдө түрк тектерге алып келет. Башкача айтканда, коомдун ан-сезими өскөн сайын байланыштар да өнүгөт.
Учурда Түркия, албетте, альтернатива эмес, бирок Түркиянын Борбор Азиядагы өлкөлөр менен жакын алака түзгөнү - бул мамлекеттерге көз карандысыздыкты сактоого жана бекемдөөгө жардам берет. Түркиянын эң негизги максаты – бул түрк мамлекеттеринин эгемендигин сактап калуу жана көз карандысыздыгын колдоо. Бул жагынан алганда, көз карандысыздыкты сактап калуу максатын көздөгөн өнөктөшкө ээ болуу маанилүү.