Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Аксы районундагы Сыны айылында 375 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады.
Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган долбоордун жалпы наркы 178 млн сомду түзөт.
Эки кабаттуу заманбап мектептин жалпы аянты 2996 чарчы метрди түзүп, анда окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, эмгек кабинети, медициналык бөлмө жана спорт зал каралган.
Мектеп жаңы окуу жылынын башталышы менен пайдаланууга берилери пландалууда. Жаңы имарат эки мөөнөттө 750дөн ашык окуучунун билим алуусуна шарт түзөт.
Долбоор аймактагы билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга жана балдар үчүн заманбап окуу шарттарын түзүүгө багытталган.