Аксыда 4,4 миң гектар жерди сугарууга шарт түзө турган канал курулууда

Аймак 104 19 Август 2026 09:25
776100826_2165860627614523_1682185001439460621_n.jpg
776130191_2165860907614495_1213060137368371689_n.jpg
776222804_2165860960947823_5727024886995987160_n.jpg
776324204_2165860824281170_4066358072149456902_n.jpg
776383544_2165860784281174_4944428243120550913_n.jpg
776685704_2165860734281179_2613893948105547901_n.jpg
778156743_2165860997614486_8914189950877249108_n.jpg
778565308_2165860777614508_1159733845744658110_n.jpg
778985151_2165859994281253_1129509393353062086_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Аксы районундагы Ак-Терек каналында туннель казуу иштери аяктап калды.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда 2,44 чакырымдык туннелдин 1 980 метри казылып, 64 метри калды.

Объект "Кыргыз Республикасында 2017-2026-жылдардагы ирригацияны өнүктүрүү" мамлекеттик программасынын алкагында курулууда. Каналдын жалпы узундугу 7,4 чакырымды түзөт.

Канал 2026-жылдын IV кварталында пайдаланууга берилери пландалууда. Долбоор ишке ашса, Жерге-Тал, Кербен шаары жана Кош-Дөбө айыл аймагындагы жалпы 4 408 гектар жер сугат суу менен камсыздалат.

Бул тууралуу күн мурун президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев аталган туннелдин курулуш иши менен таанышуу учурунда айтты.

Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө "Таза-Суу" долбоорунун, Келпик жана Ак-Тоңду насостук бекеттеринин, ошондой эле Кадыркул Чекиров атындагы мектептин курулушу менен таанышылды.

Жооптуу жетекчилерге курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүү тапшырмасы берилди.