Бишкек, 30.08.26. /Кабар/. Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу жаңы бала бакча курулуп бүтүп, жакында пайдаланууга берилет.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, бала бакча республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштерине 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт.
Имаратта балдардын эс алуусу, уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү жана ойноосу үчүн зарыл шарттар түзүлүп, тиешелүү жабдуулар менен камсыздалган.
Курулуш иштеринин сапаты жана талаптардын сакталышы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнгөн.