Аксы жана Ноокен райондорунда жаңы сот имараттары курулат

Аймак 13 август 2026 09:40
Аксы жана Ноокен райондорунда жаңы сот имараттары курулат

Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Аксы жана Ноокен райондорунда райондук соттор үчүн жаңы административдик имараттардын курулушуна мезгил кутулары салынды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, сот тутумунун өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышты.

Медербек Сатыев жаңы имараттар соттордун материалдык-техникалык базасын чыңдап, судьялар жана сот кызматкерлери үчүн заманбап шарттарды түзөрүн белгиледи.