Аксы районунун туристтик мүмкүнчүлүгү артат

Аймак 20 август 2026 17:10
Аксы районунун туристтик мүмкүнчүлүгү артат

Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Бүгүн Аксы районунун туризм тармагын өнүктүрүү, туристтик аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу жана эс алуучулар үчүн шарттарды түзүү боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жыйынга президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев катышып, анда Аксы районунун туристтик потенциалын кеңейтүүгө багытталган долбоорлор талкууланды.

"Анын ичинде “Падыша-Ата“ зыярат жайын оңдоп-түзөө жана туристтер үчүн заманбап шарттарды жаратуу, ошондой эле Кара-Камыш көлүнүн аймагында туристтик объектилерди куруу маселелери каралды", - деп айтылат маалыматта.

Облус башчысы Тилек Текебаев Аксы районунун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу зарылдыгын белгилеп, бул багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.