АКШнын жашоочусу өзүн борткоштоочу катары көрсөтүп, 100дөн ашык жолу акысыз учкан

Дүйнө Загрузка... 12 Июнь 2025 12:26
WhatsApp Image 2025-06-12 at 10.58.04.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. АКШнын Түштүк Флорида штатынын жашоочусу алдамчылыкка жана аэропорттордун коргоолуучу аймактарына мыйзамсыз киргендиги үчүн күнөөлөнүүдө. Бул тууралуу Коммерсант гезити АКШнын Юстиция министрлиги кабарлаганын жазды.

Маалыматка караганда, Т.А. аттуу адам 2018-жылдан 2024-жылга чейин өзүн жети ар түрдүү авиакомпаниянын борткоштоочусу катары көрсөтүп, учак аркылуу 120 жолу акысыз учканга жетишкен.

Иликтөөгө ылайык, ал авиациялык персоналдарга ылайыкталган атайын программалык камсыздоону колдонгон. Системага кирүү үчүн 30га жакын кызматтык күбөлүктү жасалмалаган. Муну менен ал аэропорттун кызматтык аймактарына да кире алган.

Мындай ишке барган айыпталуучу 30 жылга эркиндигинен ажыралышы мүмкүн экени айтылды.