АКШнын Техас штатында селде 70тен ашык адам каза тапты

Дүйнө 7 июль 2025 09:30
АКШнын Техас штатында селде 70тен ашык адам каза тапты

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.07.25. /Кабар/. АКШнын Техас штатында селде 79 адам каза тапты. Бул тууралуу Интерфакс жазды.

Акыркы маалыматтар боюнча көз жумгандардын ичинен 28и балдар экени айтылды.

Техас штатынын губернатору Грег Эббот дагы кеминде 41 киши дайынсыз жоголгонун билдирди.

АКШ президенти Дональд Трамп штаттын жабыркаган райондоруна 11-июлда барары пландалып жатканын журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып белгиледи.