Бишкек, 10.11.25. /Кабар/. Америкада сенатор-демократтар жана республикачылар 40 күнгө созулган шатдаунду токтотууга жана федералдык мекемелердин ишин калыбына келтирүүгө багытталган эки партиялуу макулдашууга жетишти. Бул тууралуу демократ-сенатор Тим Кейн 9-ноябрда өзүнүн расмий сайтында билдиргенин DW маалымдады.
Жарыяланган документке ылайык, бул келишимдин негизин медициналык камсыздандырууга берилген салык жеңилдиктерин узартуу боюнча алдыдагы добуш берүү жөнүндөгү макулдашуу түздү. Ошондой эле жумуштан бошотулган федералдык кызматкерлерди кайра калыбына келтирүү жана аларга эмгек акы боюнча карыздарын төлөп берүү каралган.
АКШ Сенатында республикачылар 100 орундун 53үн ээлешет, бирок чечим кабыл алуу үчүн кеминде 60 добуш талап кылынат. Бир катар демократтар буга чейин компромиссти колдоого даяр экенин билдиришкен. Сенат жактыргандан кийин мыйзам долбоору Өкүлдөр палатасында добуш берүүдөн өтүп, президент Дональд Трамптын колу коюлушу керек.
Авиа каттамдардын кыскаруу коркунучу
Партиялар аралык макулдашууга АКШнын транспорт министри Шон Даффинин авиа каттамдардын "минималдуу деңгээлге чейин" кыскаруу коркунучу тууралуу эскертүүсүнөн көп өтпөй жетишилди. Өткөн дем алыш күндөрү, 8-9-ноябрда кызматкерлердин жетишсиздигинен улам өлкө боюнча миңдеген авиа каттамдар токтотулуп, айрымдары кечиктирилген.
АКШнын тарыхындагы эң узак шатдаун
9-ноябрга карата шатдаун 40 күнгө созулду, бул аны АКШ тарыхындагы эң узак шатдаунга айландырды. Бекитилген бюджеттин жоктугунан улам 750 миңге жакын федералдык кызматкер эмгек акысы сакталбаган мажбурдуу эс алууга (отпускага) жөнөтүлгөн. Жашоону камсыз кылуучу кызматтарда гана — авиациялык диспетчердик кызмат, полиция, чек араны кайтаруу жана тез жардам кызматтарында гана иштөө уланууда.