Бишкек, 20.05.25 /Кабар/. АКШнын Саламаттык сактоо министрлиги Гарвард университетин бир катар гранттардан ажыратты. Бул тууралуу министрлик өзүнүн X (мурдагы Twitter) соцтармагындагы баракчасында билдирди.
Ведомство белгилегендей, АКШ президенти Дональд Трамп университетте басмырлоого жол бербейт. Федералдык фонддор студенттерди коргоого багытталган билим берүү мекемелерин колдоо керек.
“Саламаттык сактоо министрлиги Гарвард университетине бериле турган жалпы суммасы 60 миллион долларга жакын бир нече көп жылдык гранттарды токтотуп жатат”, - деп айтылат маалыматта.