АКШнын мурдагы вице-президенти Дик Чейни каза болду

Дүйнө Загрузка... 05 Ноябрь 2025 10:11
a6afa510-b970-11f0-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 05.11.25. /Кабар/. АКШнын мурдагы вице-президенти Дик Чейни 84 жашында каза болду, - деп билдирет Би-Би-Си.

Дик (Ричард) Чейни 2001-жылдан 2009-жылга чейин Жорж Буштун тушунда вице-президент болуп иштеген. Чейни 1980-жылдардын аягында президент Жорж Бушдун (улуусу) тушунда коргоо министри болуп иштеген.

Чейни АКШнын Республикалык партиясынын эң таасирдүү саясатчыларынын бири жана 2000-жылдардагы Америка президентинин администрациясынын эң күчтүү мүчөлөрүнүн бири деп эсептелген.