АКШнын Мамлекеттик департаменти 55 миллиондой чет өлкөлүктөрдү текшерет

Дүйнө Загрузка... 22 Август 2025 09:20
WhatsApp Image 2025-08-22 at 08.37.57.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 22.08.25 /Кабар/. АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалык визасы бар 55 миллиондой чет өлкөлүктөрдү текшерет. Бул тууралуу Assosiated Press агенттигине таянып, Известия билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, текшерүүнүн максаты – алардын мыйзам бузган-бузбаганын аныктоо. Эгер бузган болсо, визасы жокко чыгарылып, ал адам АКШда болсо, депортация кылынат.

Мамлекеттик департамент мындай текшерүү дайыма жүрүп турарын айтты. Алар кылмышка аралашуу, коомдук коопсуздукка коркунуч келтирүү же терроризм менен байланышы бар-жогун карашат.

Маалыматты текшерүүдө укук коргоо органдарынын базалары, иммиграция кызматтарынын маалыматтары жана социалдык тармактардагы аккаунттар баш болгон бардык булактар колдонулары айтылат.