АКШнын аскердик учагы депортацияланган мигранттардын дагы бир тобун Панамага жеткирди

Дүйнө Загрузка... 14 Февраль 2025 16:06
WhatsApp Image 2025-02-14 at 13.19.37.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 14.02.25. / Кабар/. АКШнын аскердик учагы депортацияланган мигранттардын дагы бир тобун Панамага жеткирди. Бул тууралуу ТАСС TVN телеканалынын маалыматына таянуу менен кабарлады.

Маалыматка ылайык, АКШ Трамптын администрациясы менен болгон келишимдин алкагында Кытай, Индия, Иран, Непал, Пакистан, Шри-Ланка, Түркия, Өзбекстан жана Вьетнамдан келген 119 адамды Панамага жеткирген. Жалпысынан АКШ Панамага үч рейс менен дагы 360 кишини жөнөтөт.

Өз мекенине кайтканга чейин депортациялангандар Дариен аймагына жакын жердеги баш калкалоочу жайга которулат.

Эске салсак, 2024-жылдын 24-ноябрына карата АКШ өлкөдөн 1 млн 445 миң 549 адамды депортациялоону пландаган.