Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. АКШнын Айдахо штатынын Кер-д'Ален шаарында белгисиз киши өрт өчүрүүчүлөргө ок чыгарды. Бул тууралуу CNN телеканалы кабарлаганын Коммерсант гезити жазды.
Маалыматка караганда, өрт өчүрүүчүлөр токойдогу тилсиз жоону өчүрүп жүргөн.
Окуя аянты 24 акрга жеткен Canfield Mountain сейил багында болгон. Анда эки өрт өчүрүүчү каза тапкан. Дагы бир канча адам жаракат алган.