Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Америкалык окумуштуулар Роберт Холл жана Майкл Вудфорд макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоого байланышкан изилдөөлөрү үчүн 2026-жылдагы экономика боюнча Нобель сыйлыгына татыктуу болушту. Бул тууралуу Казинформ билдирди.
Стэнфорд университетинин профессору Роберт Холл жана Нью-Йорктогу Колумбия университетинин профессору Майкл Вудфорд экономиканын өзгөрүүлөрүн жөнгө салууда акча-насыя жана бюджеттик-салык саясатынын ролун изилдешкен.
Сыйлыкты ыйгарган комиссиянын маалыматына ылайык, окумуштуулар экономикалык моделдерди жаңылап, туруктуулукту камсыздоо саясатын жакшыртуунун жолдорун көрсөтүшкөн. Алар инфляция, өндүрүш жана керектөө сыяктуу макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн ортосундагы статистикалык байланыштарга гана таянбастан, моделдерди микроэкономикалык негизде түзүшкөн.
Бул ыкма үй чарбаларынын жана ишканалардын өз алдынча кабыл алган чечимдери жалпы экономикага кандай таасир этерин түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Окумуштуулар иштеп чыккан моделдер экономикалык өзгөрүүлөрдү жөнгө салуу чараларынын таасирин түшүндүрүп, сандык баалоого жардам берет. Алар дүйнө жүзүндөгү борбордук банктар жана каржы министрликтери тарабынан колдонулат.
Экономика илимдери боюнча Нобель сыйлыгы 1969-жылдан тарта Швециянын Борбордук банкынын демилгеси менен берилип келет. Ал Альфред Нобелдин элесине арналган экономика илимдери боюнча сыйлык деп расмий аталат.