АКШдан Армениянын 2 миңден ашуун жараны депортацияланат

Дүйнө Загрузка... 04 Март 2025 18:48
WhatsApp Image 2025-03-04 at 15.58.11 (1).jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. АКШдан Армениянын 2 миңден ашуун жараны депортацияланат. Бул тууралуу Интерфакс кабарлады.

Маалыматка караганда, Армениянын Диаспора иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Заре Синанян Вашингтондун АКШдан 2 миңдей жаранын депортация кылуу ниети жөнүндө кабардар болгонун билдирген.

Өлкөсүнө жибериле турган армениялыктардын арасында АКШда жүрүү укугу жок жарандар бар экендиги айтылды.

"Өлкөдөн чыгарылган жарандар боюнча бизде азырынча маалымат жок. Бул маселелер менен башка структуралар алектенгендиктен, депортацияланган жарандар диаспоранын мүчөсү деп эсептелинбейт. Алар анткени АКШда мыйзамсыз жүрүшкөн", - деди Заре Синанян.

Белгилей кетсек, январдын аягында АКШнын Иммиграциялык жана бажы кызматынын отчетуна ылайык, Армениянын 2808 жараны депортацияланмак.