АКШдагы торнадо кеминде 34 кишинин өмүрүн алды

Дүйнө Загрузка... 17 Март 2025 10:10
1e8655f7-51a9-4946-a2b2-b1033c116cfc.jpeg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.03.25. /Кабар/. АКШдагы торнадо кеминде 34 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу Интерфакс ABC News телеканалына таянып билдирди.

Маалыматка караганда, катуу шамал менен коштолгон торнадо Алабаме, Миссури, Арканзасе, Миссисипи, Луизиане, Иллинойсе, Индиане жана Теннесси штаттарында катталган.

Associated Press агенттигинин маалыматы боюнча, Миссисипи штатында аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам 6 адам, дагы үч киши Арканзасе штатында каза тапты. Кум аралашкан бороондо болгон жол кырсыгында Канзасе штатында 8, Техас штатынын Амарилло шаарында 3 адам көз жумду.

Оклахома штатында өрткө байланыштуу эвакуация жарыяланган. Тилсиз жоодо 300дөй үй жабыркаган. Аба ырайы начарлаган аймактарда 100 миллиондон ашык тургун жашай тургандыгы айтылды.