АКШда жеңил моторлуу учак кыйрап, 6 адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 30 Июнь 2025 15:45
WhatsApp Image 2025-06-30 at 13.04.11.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 30.06.25 /Кабар/. АКШнын Огайо штатынан Cessna 441 учагы кырсыкка учурап, андагы алты адам каза болду. Экөө экипаж мүчөсү болгон. Бул тууралуу Fox 8 телеканалына таянып РИА Новости агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учак Хауленд шаарындагы үйдүн артына кулаган. Кырсыктан аман калгандар болгон эмес.

Белгиленгендей, кырсыктын себеби белгисиз. Учак Монтана штатындагы Бозмен шаарына багыт алып бара жаткан. Учуп чыккандан жети мүнөт өткөндөн кийин кыйраган.