АКШда Трамптын кадыр-баркы бир кыйла төмөндөдү

Дүйнө Загрузка... 29 Октябрь 2025 09:28
15746275-358f-4aac-b56c-1d33119bce5c.avif
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 29.10.25. /Кабар/. АКШда президент Дональд Трамптын кадыр-баркы рекорддук деңгээлге чейин төмөндөдү. Буга америкалыктардын анын өлкөдөгү жашоо наркына таасир эткен чечимдерине нааразы болуп жатканы себеп болду, деп билдирет Kazinform агенттиги DW басылмасына шилтеме кылып.

Reuters агенттиги жана Ipsos изилдөө компаниясы жүргүзгөн жаңы сурамжылоого ылайык, америкалыктардын 40 пайызы гана азыркы президенттин ишмердүүлүгүн колдошот (бул бир жума мурункудан 2 пайызга аз). Ал эми Трамптын ишмердүүлүгүн такыр жактырбагандардын үлүшү 57 пайызга жетти.

Сурамжылоонун жыйынтыгына таянсак, америкалыктардын Трампка карата негизги нааразычылыгы жарандардын чыгымдарынын өсүшү менен күрөшүү жаатындагы анын аракеттери болду — сурамжылоого катышкандардын 63 пайызы бул багыттагы иштерди жактырбасын билдирген.

Reuters белгилегендей, эмгек рыногунун алсырашына карабастан, Трамп кызматка киришкенден бери АКШдагы инфляциянын темпи бир аз жогорулаган, бул өлкөнүн Борбордук банкын пайыздык ченди төмөндөтүүгө мажбур кылган.

Салыштыруу үчүн Трамптан мурунку президент Жо Байдендин популярдуулук рейтингиндеги эң төмөнкү көрсөткүч 36 пайыз болгон. Анын ишин колдогондордун мындай саны 2024-жылдын май айында катталган.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамптын жалпы колдоо рейтинги 43 пайызды түзгөнү, ал эми инфляция жана жашоо наркы башкы экономикалык көйгөйлөр экени кабарланган.