Бишкек, 17.09.25 /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп TikTok социалдык тармагын өлкө аймагында жабуу тууралуу мыйзамдын аткарылышын быйылкы жылдын 16-декабрына чейин узарткан жарлыкка кол койду. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Маалыматка ылайык, АКШнын Юстиция министрлиги аталган мөөнөт бүткөнгө чейин TikTok соцтармагын бөгөттөө же айып пул салуу боюнча эч кандай чара көрбөшү керек. Ошондой эле провайдерлерге бул аралыкта TikTok иштегенине байланыштуу жоопкерчилик каралбаганын билдирүү тапшырылды.
Мурда Конгресс TikTokтун ээси ByteDance компаниясын америкалык бөлүгүн сатууга же 2025-жылдын 19-январына чейин АКШдагы ишин токтотууга милдеттендирген. Бирок Трамп президенттикке келгенден кийин акыркы мөөнөттү бир нече жолу жылдырып келүүдө. Акыркы белгиленген дата 17-сентябрь болчу, эми ал 16-декабрга чейин узартылды.