Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. АКШнын Теннесси, Кентукки, Вирджиния жана Джорджия штаттарында суу ташкынынан жана бороондон кеминде 9 адам набыт болду. Бул тууралуу “Синьхуа” кабарлады.
Кентукки штатынын губернатору Энди Бешир муну акыркы он жылдагы эң катаал аба ырайынын бири деп атап, тургундарды жолго чыгуудан алыс болууга чакырган.
“Бороон башталгандан бери 1 миңден ашуун куткаруу иштери жүргүзүлүп, 39 миң үй электр жарыгысыз калган жана катуу шамалдан улам абал начарлашы мүмкүн”,-деген ал.