Бишкек, 23.06.25. /Кабар/. АКШда катуу шамалдан улам үч адам каза тапты. Бул тууралуу РИА Новости New York Times гезити кабарлаганын жазды.
Маалыматка караганда, адамдардын өлүмү Онейда округундагы Киркленд шаарында катталган. Анда 50 жаштагы аялды жана алты жаштагы эки кызды бак басып калган.
Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, аймакта тынымсыз жааган жамгырдан улам сел жүрүп, алты сааттык өзгөчө кырдаал режими киргизилген.