АКШда эки жашар бала 15-кабаттан кулап, аман калды

Дүйнө 19 май 2025 09:50
АКШда эки жашар бала 15-кабаттан кулап, аман калды

Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. АКШнын Мэриленд штатында эки жашар бала 15-кабаттан кулап, аман калды. Бул тууралуу ABC News кабарлаганын Интерфакс жазды.

Маалыматка караганда, бала бадалга кулап түшкөндө жаракат алган. Ал ооруканага жаткырылган, азырынча ден соолугу тууралуу маалымат айтыла элек.

Куткаруучулар белгилегендей, жердин жумшактыгы жана бадалдардын өскөндүгү баланы куткарып калган, ошондой эле анын салмагы да аз болгон.

Мындан тышкары, балкон коргоочу тор менен эмес, айнек менен тосулган. Окуя учурунда чоң кишилер үйдө болгон.