АКШда бир жарым жылда 175 миңден ашуун виза жокко чыгарылды

Дүйнө 34 11 Август 2026 15:10
347554173586569.jpeg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамптын экинчи мөөнөтүнүн алгачкы 18 айында 175 миңден ашуун америкалык виза жокко чыгарылды. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаменти билдиргенин Казинформ жазды.

Маалыматка ылайык, визалардын көбү ар кандай кылмыштарга, анын ичинде кол салуу, мас абалында унаа айдоо, уурулук жана баңгизатка байланышкан мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылган. Ошондой эле кооптуу айдоо, сексуалдык зомбулук, балдарга карата зомбулук жана алдамчылык фактылары да себеп болгон.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматы боюнча, 2024-жылы Жо Байдендин администрациясы 40 миңге жакын визаны жокко чыгарган. Бул Трамптын экинчи президенттик мөөнөтүнүн биринчи жылындагы көрсөткүчтөн кыйла аз.