АКШда авиадиспетчерлердин жетишсиздигинен 8 миңден ашуун каттам кармалып турат

Дүйнө Загрузка... 28 Октябрь 2025 09:23
1707452454_hdpic-club-p-dispetcherskii-lokator-6.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. АКШда өкмөттүн иши токтогонунан улам 8 миңден ашык аба каттамы кармалууда. Бул тууралуу Азертадж маалымат агенттиги жазды.

Федералдык өкмөттүн 26 күндүк ишинин токтотулушуна (шатдаун) байланыштуу, жекшембиде АКШда авиадиспетчерлердин жетишсиздигинен 8 миңден ашык каттам кармалды (ишембиде 5300 болгон).

Авиадиспетчерлер жана транспорт коопсуздугунун 50 миңдей кызматкери (жалпы 13 миң авиадиспетчер) иши токтогонуна карабай, акысыз иштөөгө аргасыз болууда.

Транспорт министри Шон Даффи персоналдык көйгөйлөр 22 пунктта болгонун жана жетишсиздик жакынкы күндөрү дагы кармоолорго алып келерин билдирди.

Кесепети: Каттамдардын үзгүлтүккө учурашы президент Дональд Трамптын администрациясы тарабынан эскертилген. Байкоочулар муну мыйзам чыгаруучуларды бюджеттик туңгуюктан чыгууга түрткү бере турган белги катары карап жатышат.

Жетишсиздик: Федералдык жарандык авиация башкармалыгында (FAA) максаттуу деңгээлге жетүү үчүн 3500дөй диспетчер жетишпейт жана алар иш токтогонго чейин да көп иштеп келишкен.