АКШ ЮНЕСКОдон 2027-жылдан баштап чыгат

Дүйнө Загрузка... 23 Июль 2025 11:20
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.07.25. /Кабар/. АКШ ЮНЕСКОдон 2027-жылдан баштап чыгат. Бул тууралуу Коммерсант гезити жазды.

Маалыматка караганда, АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы ЮНЕСКОнун башкы директору Одри Азулайга өлкө уюмдун ишмердүүлүгүнө мындан ары катышпай турганын кабарлаган. Анда АКШнын катышуусу “улуттук кызыкчылыктарга жооп бербейт” деп белгиленген.

Эми АКШ ЮНЕСКОго 2026-жылдын 31-декабрынан тартып толук кандуу мүчөсү боло албайт.

“ЮНЕСКО коомдогу жана маданияттагы маселелерди чечет жана БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына, эл аралык өнүгүү үчүн глобалисттик идеологиялык күн тартибине өзгөчө көңүл бурат, бул биздин "Баарынан биринчи Америка" тышкы саясатыбызга карама-каршы келет", - деп билдирди Мамлекеттик департамент.

Ведомстводон белгилешкендей, ЮНЕСКОнун Палестинаны мүчөлүккө кабыл алуу чечими "өтө көйгөйлүү", Американын саясатына каршы келет жана "антиизраилдик риториканы" жайылтууга мүмкүндүк берет.

Эске салсак, 4-февралда Дональд Трамп АКШнын ЮНЕСКОго мүчөлүгүн карап чыгуу боюнча буйрукка кол койгон. Ал президенттик кызматынын биринчи мөөнөтүндө уюмдан чыгып кеткен, бирок 2023-жылы Жо Байден АКШнын ЮНЕСКОго мүчөлүгүн калыбына келтирген.