Бишкек, 09.06.26 /Кабар/. АКШнын Мамлекеттик департаменти туристтик жана ишкердик визаларды тездетилген тартипте алуу үчүн жаңы акы төлөнүүчү кызматты ишке киргизет. Бул тууралуу Associated Press агенттигине таянып Казинформ кабарлайт.
Жаңы тартипке ылайык, чет өлкөлүк жарандар стандарттуу 185 долларлык консулдук төлөмдөн тышкары дагы 750 доллар төлөсө, элчилик же консулдуктагы маектешүүгө 10 күндүн ичинде жазыла алышат.
Пилоттук программа быйылкы жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейин иштеп, суроо-талапка жараша узартылышы мүмкүн. Программага катышуучу элчиликтер менен консулдуктардын тизмеси анын башталышына чейин жарыяланат. Тиешелүү билдирүү жакынкы күндөрү Federal Register расмий басылмасында жарыяланары күтүлүүдө.
Маалыматка ылайык, бул кызмат акыркы жылдары күчөтүлгөн визалык талаптардан улам жаралган көйгөйлөрдү жарым-жартылай жеңилдетүүгө багытталган. Бийлик айрым өлкөлөрдүн жарандары үчүн визалык күрөө талаптарын киргизип, айрым учурларда анын өлчөмү 15 миң долларга чейин жеткен. Ошондой эле арыз ээлеринен социалдык тармактардагы аккаунттары тууралуу маалыматтарды кошкондо кеңири жеке маалыматтарды берүү талап кылынууда.
Мындай чаралар дүйнө жүзү боюнча виза документтерин кароо мөөнөтүнүн узарып кетишине алып келген. Учурда визасыз режимге кирбеген өлкөлөрдүн жарандары маектешүүгө кезек күтүп, бир нече ай убакыт коротууга аргасыз болууда.
Белгилей кетсек, кошумча 750 доллар төлөө визанын сөзсүз берилерине кепилдик бербейт. Бул кызмат маектешүүгө жазылуу мөөнөтүн гана кыскартат.