АКШ USAID`дин программаларынын 83 пайызын жабат

Дүйнө Загрузка... 10 Март 2025 16:40
WhatsApp Image 2025-03-10 at 12.36.14.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. АКШ USAID`дин программаларынын 83 пайызын жабат.

РИА Новости кабарлагандай, АКШ алты жума бою кайра каралып чыккан Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиктин (USAID) программаларынын 83%ын расмий түрдө жапмай болду. Алар ондогон миллиард долларларды АКШнын кызыкчылыктарына жооп бербеген максаттарга коротушканын Американын мамлекеттик катчысы Марко Рубио X социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

"Биз алты жума ичинде USAID`дин программаларын карап чыгып, расмий түрдө 83%ын жапмай болдук. Ошол программалар боюнча жабылганы жаткан 5,2 миң келишимге ондогон миллиард долларлар сарпталган", - деди Рубио.

Ал белгилегендей, калган миңдей программа мамдепартамент тарабынан көзөмөлдөнүп, эффективдүү жүзөгө ашырылышы керек.