Бишкек, 30.06.26 /Кабар/. Дүйнөлүк Антверпен алмаз борбору (AWDC) АКШнын көз карандысыздыгынын 250 жылдыгына карата АКШ президенти Дональд Трампка 321 табигый бриллиант менен кооздолгон алтын шакек белек кылды. Белек АКШнын Бельгиядагы элчиси Билл Уайтка тапшырылганын ТАСС билдирет.
AWDC борборунун маалыматына ылайык, шакек алтындан жасалып, ага 321 табигый бриллиант жана башка 75 баалуу таштар орнотулган. Ошондой эле шакек жасоодо жалаң гана табигый бриллианттар колдонулган.
Борбордун зергерлеринин айтымында, табигый жана лабораторияда жасалган алмаздарды жөнөкөй көз менен айырмалоо кыйын болгону менен, алардын келип чыгышы, өзгөчөлүгү, баалуулугу жана макамы бири-биринен олуттуу айырмаланат.
Антверпендин кылымдарды карыткан алмаз тармагы негизинен табигый алмаздарды иштетүү жана сатуу менен алектенип келет. Бирок акыркы жылдары АКШда кеңири жайылган арзанырак жасалма алмаздардын күчтүү атаандаштыгы бул тармакка олуттуу кыйынчылыктарды жаратууда.
Мындан тышкары, 2024-жылдан тартып Европа биримдигинин Россиянын алмаздарына киргизген санкциялары да Антверпендин алмаз соодасына терс таасирин тийгизди. Натыйжада бир катар жергиликтүү компаниялар банкрот болуп, 2023–2025-жылдары алмаз соодасынын көлөмү дээрлик эки эсеге азайып, 10 миллиард евродон 6 миллиард еврого чейин төмөндөгөнү айтылат.