АКШ Мексика менен чектешкен чек арасын 11 чакырымга созулган дубал менен тосот

Дүйнө 17 март 2025 16:12
АКШ Мексика менен чектешкен чек арасын 11 чакырымга созулган дубал менен тосот

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.03.25. /Кабар/. АКШ Мексика менен чектешкен чек арасын 11 чакырымга созулган дубал менен тосот. Бул тууралуу ТАСС АКШнын ички коопсуздук министри Кристи Ноэм билдиргенин кабарлады.

Кристи Ноэм Аризонага барганын, чек арадагы дубал ошол жерден бүтөрүн айткан.

"Бүгүнтөн баштап биз дагы 11 чакырымдык дубалды тургузууну баштайбыз. Муну биз Американы кайрадан коопсуз кылуу үчүн жасайбыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Мексика жактагы чек арага тургузула турган дубалдын курулушу 2029-жылы аяктарын билдирген эле.