Бишкек, 27.06.25. /Кабар/. АКШ Газага гумжардам катары 30 млн доллар бөлдү.
Reuters агенттиги маалымдагандай, каражат Гуманитардык жардам фондуна берилет.
АКШнын мамлекеттик департаменти башка өлкөлөрдү да уюмду колдоп, Газа секторуна жардам көрсөтүүгө чакырды.
“Бул колдоо АКШ президенти Дональд Трамптын жана мамлекеттик катчы Марко Рубионун аймактагы тынчтык үчүн жасаган кезектеги кадамы”, - деди Мамдепартаменттин басма сөз катчысынын орун басары Томми Пиготт. Анын айтымында, фонд Газага буга чейин азаык-түлүк жардамдарын берген.
25-июнда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен АКШ лидери Дональд Трамп Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашкан болчу.