АКШ бир айда 10 млн тонна суюлтулган газ экспорттогон биринчи өлкө болду

Дүйнө Загрузка... 04 Ноябрь 2025 14:35
1.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. АКШ бир айдын ичинде 10 млн тонна суюлтулган жаратылыш газын экспорттогон биринчи өлкө болуп калды. Бул тууралуу Азертадж жазды.

LSEG каржы компаниясынын алдын ала маалыматтарына ылайык, октябрь айында АКШ рекорддук 10,1 млн тонна суюлтулган газ экспорттогон. Бул сентябрдагы кайра каралган 9,1 млн тонна көрсөткүчтөн жогору.

Reuters жазгандай, дүйнөдөгү эң ири суюлтулган жаратылыш газын экспорттоочу болуп саналган АКШ 2025-жылдын төрт айында рекорддук көрсөткүчтөргө жетүү менен сатууну көбөйтүүдө.

Европа Американын суюлтулган жаратылыш газы үчүн негизги сатуу рыногу болуп калууда. Өткөн айда континентке 6,9 млн тонна, же жалпы экспорттун дээрлик 69 пайызы жөнөтүлгөн. Салыштырып айтканда, LSEG кемелерди көзөмөлдөө маалыматтарына ылайык, сентябрда бул көрсөткүч 6,22 млн тоннаны түзгөн, анткени Европа кышка карата кампаларды толтурууну уланткан.

Кемелерди көзөмөлдөөдөгү маалыматтар боюнча, сентябрда АКШдан Азияга суюлтулган газдын экспорту 1,63 млн тоннаны түзсө, октябрда 1,96 млн тоннага жеткен.