АКШ автоунааларды импорттоого 25% бажы төлөмүн киргизет

Дүйнө 27 март 2025 13:48
АКШ автоунааларды импорттоого 25% бажы төлөмүн киргизет

Бишкек, 27.03.25. /Кабар/. АКШ администрациясы өлкөдөн тышкары чыгарылган бардык унааларга 25% импорттук алымдарды киргизет. Бул тууралуу шаршемби күнү АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди, деп маалымдайт ТАСС.

“Биз 25% тарифти сөзсүз түрдө алабыз. Бирок машиналарды АКШда чогултсаңар, тарифтер болбойт”, - деди ал.