Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. АКШ армиясынын 250 жылдыгына арналган парадга 25-45 млн доллар сарпталат. Бул тууралуу Коммерсант гезити The Washington Post гезитине таянып жазды.
Маалыматка караганда, аскердик парад Вашингтондо 14-июнда өтөт. Парадга 50дөй аскердик учак, 150 транспорт жана 6,6 миң аскер катышат.
Ошондой эле армиянын өкүлү Стив Уоррен билдиргендей, иш-чарага аскер кызматкерлери да барат. Парад өтө турган күнү фестиваль уюштурулат.
Парад АКШнын президенти Дональд Трамп 79 жашка чыга турган күнгө туш келди.