АКШ 120 жаштан ашкан 3,2 млн жаранын каза болду деп эсептемей болду

Дүйнө Загрузка... 18 Март 2025 17:14
WhatsApp Image 2025-03-18 at 17.12.06.jpeg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. АКШ 120 жаштан ашкан 3,2 млн жаранын каза болду деп эсептемей болду. Бул тууралуу РИА Новости АКШнын Мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгү департаменти (DOGE) билдиргенин жазды.

Маалыматка караганда, АКШнын социалдык камсыздоо администрациясы өзүнүн базасындагы штаттардын 120 жаштан өткөн 3,2 млн жашоочусун каза болду деп эсептөөгө макулдугун берди.

"Акыркы эки жумада соцкамсыздоо өздөрүнүн базасында тазалоо иштерин жүргүздү. Эсептердин 3,2 млн ээси 120 жаштан жогору болгон. Алар эми каза болду деп эсептелет. Алдыда дагы көп иштерди аткаруу керек”, - деп белгилеген DOGE департаменти.

DOGE`дын маалыматтына таянсак, АКШнын соцкамсыздоо кызматтарынын базасында 120-159 жаштагы 9 млн киши бар.

Буга чейин DOGE`дун башчысы, ишкер Илон Маск АКШда эң узак жашаган жөлөк пул алуучулар бар экендигин тамаша чынын аралаштырып айткан болчу. Анткени АКШда жөлөк пул алгандардын арасында 120-249 жаштагы миллиондогон жашоочулардан тышкары, узак жашаган 360-369 жаштагылардын тобуна кирген бир адам бар экендиги аныкталган.