Бишкек 10.07.25 /Кабар/. АКШ 1-августтан тарта жезге 50% бажы төлөмүн киргизет. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Бул чечим улуттук коопсуздукту камсыздоо максатында кабыл алынды, ыдеп билдирди АКШ президенти Дональд Трамп. Анын айтымында, жез — армия үчүн абдан маанилүү металл болуп саналат жана ал жарым өткөргүчтөр, учактар, кеме, ок-дары, маалымат борборлору, литий-ион аккумуляторлору, радар жана ракетадан коргонуу системалары үчүн керек. Трамп бул тармакты мурдагы президент Байдендин администрациясы начарлатып койгонун айтып, жаңы тариф ошол каталарды оңдоого жардам берет деди.
Трамп чет өлкөлөрдөн алып келинген товарларга жогорулатылган импорттук төлөмдөрдү киргизүүнү 2025-жылдын 1-августуна чейин убактылуу токтотууну узарткан.
Дүйшөмбү күнү АКШ президенти 1-августтан тарта жаңы соода төлөмдөрүн киргизе турганын айтып, ондон ашык өлкө жетекчилерине расмий кат жөнөткөн.