Ак-Тилекте конушундагы жаңы бакча: Чатырын жабуу иштери башталды

Коом 1154 10 Апрель 2026 11:11
1775796233_large.png
1775796231.png
1775796225.png
Алдыга
Артка
1775796233_large.png
1775796231.png
1775796225.png
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Бишкектеги Ак-Тилек конушунда 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер тилкесинин аянты 0,2179 гектарды түзөт, ал эми имараттын жалпы аянты 1042,05 чарчы метрге жетет.

Объект борбор калаанын Свердлов районунда жайгашкан.

Бала бакчанын имаратынын темир-бетон каркасы толугу менен бүткөрүлдү. Учурда чатырын жабуу жана кирпич дубалдарын орнотуу иштери жүрүп жатат.