Алмалуу капчыгайындагы мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып салынды

579883299_1346692260263153_3326707488224889314_n.jpg
582287255_1346692300263149_1652752396601369611_n.jpg
583045774_1346692223596490_1278247723805935909_n.jpg
583924394_1346692576929788_4073217179690293059_n.jpg
584015110_1346692153596497_3809693214396241392_n.jpg
585036080_1346692583596454_7708040263118524762_n (1).jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 17.11.25. /Кабар/. Ак-Суу районунун Алмалуу капчыгайында жайгашкан мыйзамсыз курулуш боюнча чара көрүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган капчыгайда жайгашкан эс алуу жайынын реестрге катталбагандыгы жана курулушка уруксат берүүчү документтери жок экендиги аныкталды.

Натыйжада жеке ишкер М.А. Озубековго эки жүз миң сом өлчөмүндө айып салынды. Ошондой эле, юридикалык баа берүү үчүн текшерүүнүн материалдары Укук коргоо органдарына өткөрүп берилет.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилери тыкыр көзөмөлдөнүүдө.