Бишкек, 19.10.25 /Кабар/. Күн мурун Бишкек шаарындагы Ак-Өргө конушунда Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) 60 жылдык мааракесине арналган дарак отургузуу аземи өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага мэр Айбек Жунушалиев, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медербек Машиев, санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов, тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров, БУУнун туруктуу координатору Антье Граве, мэриянын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.
Анда Айбек Жунушалиев уюмду мааракеси менен куттуктап, шаарды өнүктүрүүгө кошкон салымын айтып өттү.
“Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында уюм экологияны коргоо жана жашылдандыруу демилгелерине активдүү колдоо көрсөтүп келет. Бишкек шаарын жашыл, таза жана жашоого ыңгайлуу кылган долбоорлорду ишке ашырууда көрсөткөн колдооңуздарды жогору баалайбыз”, - деп белгиледи калаа башчысы.
Мааракенин урматына паркка 60 даана ар түрдүү дарак — кайың, кызыл жалбырактуу клён отургузулду.