Ак-Ордо конушунда жаңы бала бакча курулуп бүттү

Коом 9 сентябрь 2026 16:10
Ак-Ордо конушунда жаңы бала бакча курулуп бүттү
copyright icon www

Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Ак-Ордо конушунда жаңы бала бакча салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, объекттин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 233 млн сомду түздү.

Долбоор боюнча бала бакча 280 орунга ылайыкталган.

"Бала бакчада азык-түлүк сактоочу кампасы менен ашкана, ойноо жана уктоочу, тарбиялык сааттарды өткөрүүчү бөлмөлөр, кабылдама жана дарыгердин бөлмөсү жайгашкан. Балдардын коопсуздугу эске алынып, имараттын сыртында заманбап оюн аянтчалары уюштурулган",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө бала бакчанын имаратында тазалоо жана эмеректерди жайгаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.