Ак илбирсти коргоо аркылуу тооэкосистемасы сакталат

Экология Загрузка... 23 Октябрь 2025 18:08
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бүгүн Кыргызстандын демилгеси менен Ак илбирстин эл аралык күнү алгачкы жолу расмий түрдө белгиленүүдө. Бул күн ак илбирсти сактоодо эл аралык кызматташтыкты бекемдөө максатын көздөйт. Ак илбирс Эл аралык жаратылышты коргоо союзунун Кызыл китебине киргизилген жана дүйнөнүн 12 өлкөсүндө сейрек же жоголуп бараткан жаныбардын катарында. Ал өлкөлөрдүн ичинде Кыргызстан да бар.

snejniy-bars-3840x2160-irbis-kitay-golubie-gla.width-800.jpg

Ак илбирсти коргоо боюнча дүйнөлүк форумда ак илбирс жашаган 12 өлкөнүн өкүлдөрүнүн жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык экологиялык коомчулуктун колдоосу менен Ак илбирсти коргоо боюнча Бишкек декларациясы бир добуштан кабыл алынган. Ошондой эле Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча комплекстүү глобалдык программасы (The Global Snow Leopard and Ecosystem Protection – GSLEP) жактырылган.

“Илбирс фонду” коомдук фондусунун директору Заирбек Кубанычбеков “Кабар” агенттигине билдиргендей, Кыргызстанда ак илбирсти коргоого өзгөчө маани берилүүдө. Бул үчүн комплекстүү чаралар көрүлүп жатат. Мында ак илбирс байырлаган жер корголсо, ошол аймактын экосистемасы да корголгонунан кабар берет.

WhatsApp Image 2025-10-23 at 14.36.30.jpeg

“Биологиялык жагынан эле эмес, экосистема жагынан эле эмес, ошол эле маалда руханий жактан да кыргыз эли үчүн орду чоң. Анткени ата-бабаларыбыз илгертен бери эле ак илбирсти бийик тоолордун ээси катары баалап келген. Ошол себептен Кыргызстан ак илбирсти коргоого башка бир топ факторлор таасир тийгизерин билгендиктен, аны коргоого, санын азайтпоого иш-аракеттерди көрүп келет. Атайын пландар кабыл алынып, укуктук-ченемдик актыларга дагы илбирстерди коргоо үчүн абдан жакшы көңүл бурулуп жатат. Эгерде аны өлтүрүп алса же сата турган болсо мыйзам чегинде чара көрүлөт. Ак илбирсти аткандарга айып салуу өлчөмү жогорулатылган. Бүгүнкү күндө анын өлчөмү 2 млн сомду түзөт. Илбирсти эле коргоо аркылуу тооэкосистемасындагы башка да жан-жаныбарлар коргоого алынууда. Ошол эле маалда климаттын өзгөрүшүнө карата адамдардын иш-аракеттери да камтыларын айта кетишибиз керек”, - деп белгиледи ал.

Ак илбирс деңиз деңгээлинен 1500 метрден 6000 метрге чейинки бийиктикте жашайт. Заирбек Кубанычбеков белгилегендей, ак карлуу тоолордо жашаган ак илбирске жыл сайын санак жүргүзүүдө 12 мамлекет биргелешип иштелип чыккан илимий ыкмалар колдонулат. Бул тагыраак эсепти көрсөтөт.

6761aaf6e82ba041808494.width-800.png

“Жан-жаныбарлардын санын 100 пайыз так айтууга болбойт. Фотокапкандарды Кыргызстандын көпчүлүк жерине коюп, санаганда өлкөбүздө 300 баш чоң илбирс бар экенин көрсөттү. Ал эми балдарын кошуп эсептесек, 240-370ке чейин илбирстер бар. Бул биринчи өткөрүлгөн илимий изилдөө. Башка да сандар да айтылыш мүмкүн, бирок, биз илимий ыкмага таяндык. Ал эми жалпысынан дүйнө жүзүндөгү ак илбирс байырлаган 12 мамлекетте 7 миңге чейин илбирс бар деп айтылат. Бир жыл бою ушул мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда изилдөөлөр жүрдү. Эми Эл аралык жаратылышты коргоо союзу илимий статистикалык ыкмаларды колдонуп топтолгон маалыматта илбирстердин жалпы санын жарыялайт”, - деди коомдук фонддун директору.

irbis-2.width-800.jpg

Белгилей кетсек, Кыргызстанда ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо, ошондой эле ак илбирсти Кыргызстандын улуттук символу деп таануу максатында президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 30-декабрында “Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, министрлер кабинетине Кыргызстанда ак илбирстин улуттук символ деген статусун таануу жана өлкөдө ак илбирстин санын, ошондой эле анын экосистемасын коргоо боюнча чараларды көрүү тапшырылган. Мындан тышкары, улуттук символдун логотибин, колдонуу варианттарын иштеп чыгуу да жүктөлгөн.

Бүгүн Ак илбирстин эл аралык күнү менен Садыр Жапаров кыргызстандыктарды куттуктап, Кыргызстан менен ак илбирсти айрып кароого мүмкүн эместигин, илбирс ак кар баскан тоолордун жаны, көк мелжиген чокулардын сакчысы, эзелтен туу тутуп келаткан эркиндик менен чыдамкайлыктын жандуу символу экенин билдирди. Ошондой эле мамлекет башчысы Ак илбирстин эл аралык күнүн белгилөө демилгесин Кыргызстан сунуштап, БУУ тарабынан кабыл алынганы өзгөчө сыймык деп айтты.

“Биздин БУУга сунуш киргизүүбүз мыйзам ченемдүү кадам эле. Анткени дүйнө жоголуу алдында турган сейрек жаныбар тууралуу гана эмес, ошол жаратылыштын бир бөлүгү болгон эл тууралуу да билүүгө тийиш болчу. Ак илбирсти коргоо бул ошол бир бөлүгүбүздү сактоо дегенди билдирет. Ал жашаган чөйрөнү сактоо — планета калкынын үчтөн бирин суу менен камсыз кылган булактарды коргоо деген сөз! Бүгүнкү күн ак илбирстин көркөмдүгүнө суктануу үчүн эле себеп эмес. Бул күн – адамзатты абийирге жана жоопкерчиликке глобалдык чакырык. Бардык өлкөлөр менен дүйнө элине бул уникалдуу жаныбарды жана анын аяр экосистемасын коргоо үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө болгон кайрылуу болуп саналат”, - деди өлкө башчысы.

Ак илбирс күнүнө карата Кыргызстан тоолордун сакчысын даңазалаган дүйнөлүк акциянын башында турууда. Анткени бүгүн, 23-октябрда жарандар ак илбирстин урматына символикалуу түрдө 23 мүнөт убакытын жөө басууга, көнүгүүгө жана сейилдөөгө арнайт.