Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Уюштуруу комитети “Ак Илбирс” XIII Улуттук кино сыйлыгынын 2024-жылга талапкерлерди кабыл алуу башталганын жарыялады.
"Ак Илбирс" сыйлыгына 2024-жылы тартылган бардык тасмалар жанрына карабай талапкер боло алат.
Киносыйлык төмөнкү 18 номинация боюнча ыйгарылат:
- Эң мыкты тасма
- Эң мыкты режиссер
- Эң жакшы сценарий
- Эң мыкты оператор
- Эң мыкты сүрөтчү
- Эң мыкты композитор
- Эң мыкты үн режиссеру
- Эң мыкты монтаж
- Эң мыкты актер
- Эң мыкты актриса
- Эң мыкты даректүү тасма
- Эң мыкты кыска метраждуу тасма
- Көрүүчүлөрдүн эң мыкты тасмасы
- Улуттук кинематографияга кошкон зор салымы үчүн
- Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн
- Борбордук Азиядагы эң мыкты тасма
- Борбордук Азиянын мыкты актеру
- Борбор Азиядагы эң мыкты актриса.
Сыйлык Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Кинематография департаментинин, Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер союзунун жана “Айтыш” коомдук фондунун колдоосу менен улуттук кинематографисттердин эмгегин жана жетишкендиктерин баалоо, ошондой эле Кыргызстандагы кино искусствосунун көркөм деңгээлинин өсүшүнө дем берүү максатында өткөрүлүүдө.
Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 1-апрели.