БУУда Кыргызстандын миссиясы Ак илбирстин эл аралык күнүн белгиледи

Коом Жүктөлүүдө... 24 Октябрь 2025 16:06
b376a255-f435-341a-b31b-131ee77b8388.jpeg
afcfbc1b-21e8-3519-afeb-814cebeb48b5.jpeg
4e9e2906-c1e6-3dea-9cf6-10599ff9507e.jpeg
80ffe957-437a-392f-ac89-46f214ebc999.jpeg
1c64333e-3568-3e07-b9ef-90a7015ca291.jpeg
Алдыга
Артка
b376a255-f435-341a-b31b-131ee77b8388.jpeg
afcfbc1b-21e8-3519-afeb-814cebeb48b5.jpeg
4e9e2906-c1e6-3dea-9cf6-10599ff9507e.jpeg
80ffe957-437a-392f-ac89-46f214ebc999.jpeg
1c64333e-3568-3e07-b9ef-90a7015ca291.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 24.10.25 /Кабар/. Күн мурун Нью-Йорктогу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) штаб-квартирасында Кыргызстандын Туруктуу өкүлчүлүгү Ак илбирстин эл аралык күнүн салтанаттуу түрдө белгиледи.

ТИМден билдиришкендей, салтанаттуу иш-чара Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо, тоолордун маселелерин илгерилетүүдө жана уникалдуу бийик тоолуу экосистемаларды коргоодо көрсөткөн глобалдык лидерлигин көрсөтүү үчүн маанилүү аянтча болду.

БУУнун имаратында орнотулган тематикалык стенд Кыргызстандын бийик тоолуу жаратылышынын символуна көңүл бурдуруп, эл аралык коомчулуктун бул сейрек кездешүүчү жаныбарларды жана алардын жашоо чөйрөсүн коргоо үчүн күч-аракеттерди бириктирүү зарылдыгын белгиледи.

БУУдагы бул иш-чара Кыргыз Республикасынын табигый мурастарды сактоого, биологиялык жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө болгон берилгендигинин дагы бир далили болуп, актуалдуу көйгөйлөрдү жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого шарт түздү.

Иш-чарага чет өлкөлүк миссиялар, анын ичинде Ак илбирстин ареалы болгон өлкөлөр, БУУнун жана анын агенттиктеринин өкүлдөрү, достору жана коноктору активдүү катышты.