Бишкек, 29.08.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында 15 гектар аянтты ээлеген жаңы заманбап сейил бак пайдаланууга берилди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, сейил бактын аймагы жашылдандырылып, гүлдөр отургузулуп, эстетикалык инсталляциялар жана декоративдүү жарыктандыруулар орнотулган. Жаңы эс алуу жайы шаар тургундары жана коноктору үчүн үй-бүлөлүк сейилдөөгө ыңгайлуу шарт түзөт.
Анын ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар делегациясы жана шаар мэри Жанарбек Акаев катышты.
Марлен Маматалиев шаардагы инфраструктура калктын санына жана заманбап талаптарга ылайык өнүгүшү керектигин белгиледи.
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин айтымында, коомдук жайларды көбөйтүү жана шаарды көрктөндүрүү иштери мындан ары да улантылат.
Эске салсак, Ош шаарына президенттин колдоосу менен 10 млрд сомдон ашык каражат бөлүнүп, анын алкагында Ак-Буура дарыясынын жээктерин тазалоо жана иретке келтирүү, шаардык инфраструктураны жаңылоо, жашылдандыруу жана аймактарды көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.