Айыл чарба министрлиги көчөттү туура отургузуунун ыкмаларын сунуштайт

Коом Загрузка... 25 Март 2025 10:38
WhatsApp Image 2025-03-25 at 12.53.28.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Өлкө аймагында жазгы-талаа иштери менен катар көчөт отургузуу кызуу жүрүп жаткан учуру. Бирок, көчөт отургузуу иштеринде айрымдар көчөттү туура тандап, отургузууда кыйынчылыкка учурап келерин айтып, көп кайрылышат.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги көчөттү туура отургузуу боюнча багбандарга бир катар кеңештерин берет:

Көчөттөрдү отургузуу мезгили

Бак үчүн мөмөсү көп колдонулуучу алма, кара өрук, өрук, шабдалы, алмурут, жангак, жүзүм, алча тиккениңиз туура. Булардын көчөтүн
жазында отургузуу мөөнөтү Чүй облусунда 15-марттан 15-апрелге чейин, ал эми Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 25-марттан 25-апрелге чейинки аралык ылайыктуу болуп эсептелет. Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында 1-марттан 10-апрелге чейин
отургузулат.

Жерди даярдоо

Көчөт отургузуудан мурда тигиле турган чункурлар казылат. Көчөт жакшы өсүшү үчүн кык керек. Андыктан жер арык болсо, топуракка чириген (эски) кыкты теңме-тең кылып аралаштыруу оң. Эгер жер семиз болсо, анда кык азыраак, топурак кобурөөк кошулат. Ал эми минералдык жер семирткичтер (азот, калий жана башкалар) кийинки жылдан баштап берилет.

Отургузула турган көчөттөрдүн өзүнүн тийиштүү сертификаты бар болушу керек.

Көчөттү отургузгандан кийинки аракеттер да чоң ролду ойнойт. Маселен, суусун өз убагында куюп, мал-жандыктан сактоо керек.