Айыл чарба министрлиги 50 млн сомго жайыт чөптөрүнүн үрөнүн сатып алат

Экономика Загрузка... 19 Июнь 2025 09:35
img-65763-55341-768x403.png
copyright icon WWW

Бишкек 19.06.25 /Кабар/. Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти 49 млн 981 304 сомго жайыт чөптөрүнүн үрөнүн сатып алат.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, департамент үрөн сатып алуу боюнча "Сидс-Агро" ЖЧК жана "Карина-Агро" айыл чарба кооперативи менен келишим түздү. 

Каражатка кылкансыз түбү бош, таракбаш, жайыт райграсынын жана эспарцеттин 173 миң 392 кг үрөнүн сатып алуу пландалууда.

Келишимдин алкагында эспарцеттин үрөндөрүнүн өнүп чыгышына лабораториялык анализ жүргүзүлөт.