Бишкек, 25.04.25./Кабар/. Жети-Өгүз районунун Оргочор жана Барскоон айыл өкмөттөрүндө 49 гектар жерге көп жылдык жайыт чөптөрүнүн үрөнү себилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.
Министрлик тарабынан деградацияга дуушар болгон жайыт жерлерди жакшыртуу максатында районго 1 630 кг көп жылдык жайыт чөптөрүнүн жана эспорцеттин үрөнү бөлүнүп берилген.
Кылкансыз түбү бош (кострец), Тарак баш (житняк), шалба бетегеси (овсяница) бөлүнүп берилип, үрөндөр 1 428 га жайыт жерине себүү пландалган.
Белгилей кетсек, жайыт жерлеринин деградациясын азайтуу, жакынкы жайыттарды жакшыртуу жана алардын азыктуулугун жогорулатуу максатында министрлик жакынкы жайыттарга мал жаюуга 15-апрелден 15-сентябрга чейин чектөө киргизген.